“Бишкек+25”: Кыргызстан глобалдык тоо саммитин өткөрүүгө даярдык көрүүдө
- 3 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында 2027-жылдын 21-23-октябрь күндөрү борбор калаада өтө турган «Бишкек+25» экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү.
Жыйынды ачып жатып, Министрлер кабинетинин төрагасы алдыдагы форумдун Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.
«Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммити Кыргыз Республикасынын демилгеси менен өтүп жаткан дүйнөлүк маанидеги ири эл аралык иш-чара. Биздин максатыбыз өлкөнүн уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү гана эмес, Кыргызстандын глобалдык масштабда демилгелерди алдыга жылдырууга жана колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү мамлекет катары статусун дагы бир ирет ырастоо болуп саналат” деди Касымалиев.
Жыйында уюштуруу комитетинин мүчөлөрү саммитти уюштуруунун практикалык этабына өтүү үчүн зарыл болгон бир катар чечимдерди кабыл алды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




