Бишкек шаардык мэриясынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында Бишкек шаардык мэриясынын ККБ башчысынын орун басары У. У. К. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп турган кезде 45 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап алганы аныкталган.

Аталган факты боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 6-декабрда У. У. К. шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты