«Биротоло коштошпоймун. Жолугушканга чейин гана демекмин». Жаныбек Абиров ЖК менен коштошту

Жакында өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган Жаныбек Абиров Жогорку Кеңеште коштошуу сөзүн айтып, «Силер менен биротоло коштошпоймун. Көрүшкүнчө гана демекчимин» деп билдирди.

-“Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” демекчи, ар бир адам адашат экен. Алардын катарында мен да адаштым. Тилекке каршы, менин катышуумдагы акыркы окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Окуяны талдап, терең ой жүгүртүп жана жоопкерчиликти сезип, жалпы мамлекеттин, анын ичинде Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбей, комиссия мүчөлөрүн жана жалпы парламентти ыңгайсыз абалга калтырбай, өз каалоом менен мандатымды тапшырууну туура көрдүм.

Мыйзам баарына бирдей, ал катаал болот. Сен депутатсыңбы же катардагы кызматкерсиңби, эч айырмасы жок. Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок. Анткени борборубуздун Ленин районундагы 11 миң 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү  болууга укук берилди эле. Тилекке каршы болуп өткөн окуядан кийин Жогорку Кеңештин депутатынын кызматын мындан ары аркалоо моралдык баалуулуктарга каршы келип калмак.

Жалпыңыздардан, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан, үй-бүлөмдөн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Силер менен биротоло коштошпоймун, жолугушканча чейин гана демекчимин» деди Жаныбек Абиров.

БШК 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.         

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган. 11-мартта кечинде Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болгон.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети Башкы прокуратуранын Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча парламенттик комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Комиссиянын чечими боюнча комитет маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыкмак.

Айта кетсек, Жаныбек Абиров 2021-жылы Бишкек шаарынын бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан шайланган.

    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты