Биринчи май райондук ИИБ тергөөчүсү пара алууга шектелүүдө   

  • 1 месяц мурун

10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

“УКМК ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө  пара алууга шектүү катары  Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны Т.Н. кармалды” деп айтылат маалыматта.

 8-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган милиция кызматкери УКМКнын тергөө абагына камакка алынганы белгиленди.  Учурда кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Сүрөттө: Шектүү. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты