Бири-бирин кайталаган жана натыйжасыз мамлекеттик кызматтар жоюлмакчы

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» президенттин жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү.
  
Президенттин жарлыгынын негизги чечими болуп, 2025-жылдын 1-октябрына чейин юстиция министри Аяз Баетовду Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун (СДУИ) директору болуп дайындоо менен бир эле убакта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын статусун ыйгаруу саналат. 

Реформанын негизги багыттары катары төмөнкүлөр белгиленди: 

— мамлекеттик органдардын аудити – бири-бирин кайталаган жана натыйжасыз түзүмдөрдү аныктоо жана жоюу.
— ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу – ашыкча жөнгө салууну жоюу.
— процесстерди санариптештирүү – мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жана бюрократиялык процедураларды кыскартуу.
— мамлекеттик функцияларды аутсорсинги – айрым кызматтарды жеке секторго өткөрүп берүү.
— мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугун жогорулатуу –чыгымдарды азайтуу жана башкаруу чечимдерин кабыл алууну тездетүү.
 
Бул реформаларды ишке ашыруу президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын жеке көзөмөлүндө болот.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты