Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бекитилди

  • 2 года мурун

Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын бюджет системасындагы бюджеттик акча каражаттарын натыйжалуу башкаруу максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын  Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин  кассалык аткаруу процессин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты