Бир пенсионерге иштеген үч адам туура келиш керек. Кыргызстанда бир пенсионерге иштеген 0,9 адам туура келет
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 27-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Алиев Бактыяр отчет берип жатат. Депутат Таалайбек Сарыбашов бир пенсионерге иштеген канча адам туура келет деген суроо узатты.
Социалдык фонддун төрагасы Бактыяр Алиевдин жооп бергенине караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө иштеп жаткан адамдардын саны 1 млн 553 миң адам, аны жалпы пенсионерлердин санына кошсок, бир пенсионерге эки иштеп жаткан киши болот, бирок уюшкан сектор жана уюшкан эмес сектор бар, уюшкан эмес сектордо бир пенсионерге иштеген 0,9 адам туура келет. Эл аралык эмгек уюмунун сунушу боюнча, нормада бир пенсионерге үч иштеген адам болуш керек.
“Бүгүнкү күндө биз иштерди жүргүзүп жатабыз, бизнес үчүн тарифти түшүрүп берип жатабыз, тарифти 27% дан 12%га түшүрүп бердик. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, дээрлик 900 миң адам Соцфондго төлөбөй жатат” деди Социалдык фонддун төрагасы суроого жооп берип жатып.
Сүрөт: Парламент жыйынынын видео тасмасынан.