Жогорку Кеңеште Башкы прокуратуранын отчету жакында каралат

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 2-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратуранын отчету качан угулары тууралуу сурады.

Бизде 20-апрелге чейин башкы прокурордун отчету болуш керек эле, ошону тактайын деп жаткам, качан отчет берилет? Суроолор өтө көп, айрыкча акыркы окуяларга байланыштуу,-деди Дастан Бекешев.

Төрага Марлен Маматалиев Башкы прокуратура жакында отчет берээрин билдирди.

-Башкы прокуратуранын отчету келип түшкөн. Кийинки жумада комитетте каралат, ошондой эле жыйында каралат. Бул боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди,-деди төрага.  

Иллюстрациялык сүрөт: Башкы прокуратура имараты 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты