Бир мандаттуу шайлоо округунан 335 талапкер БШКга документтерин толук тапшырды

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин арасынан 335 талапкер документтерин толук тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, БШКга бир мандаттуу округдан шайлого катышуу үчүн жалпы 381 талапкерден арыз түшкөн. Алардын 335и тиешелүү документтерди тапшырса, 14 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

Бүгүнкү күнгө карата 97 талапкер каттоодон өттү.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты