Бир мандаттуу шайлоо округу: Саат 18:00гө карата шайлоочулардын катышуусу
- 4 months мурун
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 18:00гө карата шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымдады.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын катышуусу: 13 484 шайлоочуну түздү, башкача айтканда шайлоочулардын жалпы санынан 10.80%
Шайлоо участоктордун дарегин төмөнкүдөй билүүгө болот:
– 1255 же 119 телефондору аркылуу;
– 119 номерине PIN – паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен, (акысыз);
– https://tizme.gov.kg/ сайтынан
Бүгүн, 28-майда, саат 08.00дөн баштап, Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү жүрүп жатат. Добуш берүү саат 20:00гө чейин созулат.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда.