Бир мандаттуу округдардан шайланып келген 13 депутат «Элдик» тобун түзүштү

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеште бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттардан куралган «Элдик» тобу түзүлдү. Бул тууралуу №13 Сузак шайлоо округунан тандалып келген депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, депутаттык топ жети облустан шайланып келген 13 эл өкүлүнөн турат.

«Биз парламентке мажоритардык система менен шайланып келгенден кийин, партиялык тизменин негизинде түзүлгөн фракциялардын курамына кирүүнү туура эмес деп эсептейбиз. Ошондуктан өзүбүздүн тобубузду түзүүнү чечтик. Албетте, фракциялардан сунуштар түштү. Бирок эл өкүлдөрү өздөрү шайланып келген округдардын атынан иштөөгө даяр. Топтун курамы дагы кеңейиши мүмкүн. Топко дагы кошулчулар бар», — деди Тазабек Икрамов.

«Элдик» депутаттык тобунун лидери болуп Акылбек Түмөнбаев дайындалды. Орун басарлыкты Өмүрбек Бакиров менен Мирлан Самыйкожо аркалайт.

Топтун өкүлдөрүнүн айтымында, өздөрүнө таандык иш тартиби бар.

«Эгер кимдир бирөө топтуп кызыкчылыгына каршы иштей турган болсо, ал топтон чыгарылат», — деп белгиледи Мирлан Самыйкожо.

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары ант берип, ишин баштады.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты