Бир мандаттуу округдардан 110 талапкер катталды

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдардан 110 талапкерди каттады. Боршайкомдун 20-октябрдагы маалыматына караганда, 36 бир мандаттуу округдан 335 адам документтерин толук тапшырган. 14 адам талапкерликтен баш тарткан.

29-октябрга чейин БШКда алардын документтери текшерилет.
Талапкер болгондордун арасында  профессор Ишенбай Молдоташев, юристтер Атыр Абдрахматова, Нурбек Токтакунов, БШКнын экс-төрагасы Акылбек Сариев, ишкер Ырысбек Мааткабылов, жансакчы Канат Сагымбаев, мугалим Юлия Лилиенталь, ички иштер ардагери Мелис  Турганбаев, экс-депутат Арсланбек Малиев, Эркин Булекбаев, Акбөкөн Таштанбеков, азыркы парламент депутаттары Дастан Бекешев, Саматбек Ибраев, Абдандил Кулбараков,  Искендер Матраимов, Бактыбек Райымкулов, Нурбек Алимбеков,  Азизбек Турсунбаев, Айбек Осмонов, журналист Нурланбек Шакиев жана экс-башкы прокурор  Элмурза Сатыбалдиев ж.б. бар.  

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Шайлоо участокторунун схемасы. БШК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты