Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу: Алдын ала жыйынтык

  • 8 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек  шаарынын Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды.

Анын жыйынтыгында:

1. Кубанычбек Самаков жалпы добуштардын 26,14% же 5273 добуш алган.

2. Экинчи орунда – Русланбек Тагаев, 18,99% же 3831 добуш алды.

3. Үчүнчү орунда – Аскар уулу Алмаз 13,04 %  же 2630 добуш алды.

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 127 239 шайлоочу киргизилген. Анын ичинен 20169 шайлоочу же пайыздык ченем менен 15,85% добуш берүүгө катышты.

Белгилей кетсек маалыматтар шайлоонун алдын ала жыйынтыгы болуп эсептелет. Бардык шайлоо участкаларында добуштарды милдеттүү түрдө кол менен эсептөө уланууда.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөө аяктагандан кийин чыгарылат.

Шайлоого катышуу ниетин билдирип 24 талапкер каттоодон өткөн

Автоматташтырылган эсептөөчү урналардан келген маалыматтар боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктары төмөнкүдөй:

Талапкерлер алган добуштарынын саны  
Искаков Эртай8814,37%
Искендеров Жеенбек400,20%
(каттодон баш тарткан)  
Ажыбеков Руслан2861,42%
Кадыралиева Ыргал4742,35%
Мамаев Сулайман380,19%
Шаршембиев Бакыт4572,27%
Рысалиев Бактыбек740,37%
Какчекеев Токтогул1190,59%
Тагаев Русланбек383118,99%
Аттокур уулу Илимбек7873,90%
Кермалиев Таалайбек5352,65%
Эсенаманов Мурат3571,77%
Булекбаев Эркин520,26%
Мамытов Токтокүчүк6413,18%
Ырсалиев Жамалбек17548,70%
Аднаева Нургул3701,83%
Алмаз уулу Аскар263013,04%
Капаров Чынгыз3161,57%
Сооронбаева Нургүл1050,52%
Исмаилова Карачач350,17%
Саралаева Лейла2111,05%
Субанов Айбек1270,63%
Бакир уулу Турсунбай820,41%
Самаков Кубанычбек527326,14%
Баарына каршы5702,83%

Ар бир шайлоо участогу тууралуу Маалыматтык шайлоо системасы аркылуу https://newess.shailoo.gov.kg/ толук маалымат алууга болот.

10-сентябрда Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өттү.

БШКнын саат 20: 00дөгү маалыматы боюнча, аталган округда шайлоочулардын добуш берүүсү 15, 85 пайызды түздү же 20 169 шайлоочу добуш берди. Ал эми шайлоочулардын жалпы саны – 127 239.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты