Бир мандаттуу Ленин округу: БШК шайлоо жыйынтыктарын 24-сентябрга чейин аныктайт

  • 8 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун жана аны аныктоонун тартиби менен мөөнөттөрүн түшүндүрдү.

Мыйзамга ылайык, Автоматтык эсептөөчү урналардан алынган добуштардын жыйынтыгы алдын ала алынган маалымат болуп саналат, участкалык шайлоо комиссиялары кол менен эсептөөнүн натыйжалары боюнча тиешелүү шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышат.
Шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин маселе жаралса 3 күндүн аралыгында округдук шайлоо комиссияларына даттанууга болот.

Округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколдорунун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу менен округдун аймагында жалпылаштырылган таблицаны түзүшөт жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышат.

Округдук шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө чечимдери округдук шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаргандан кийин, 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанууга болот.

Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо (БШК):

Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиянын протоколдук маалыматтарынын негизинде добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 24- сентябрына чейин) округ боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт, б.а. округдан шайланган Жогорку Кеңештин депутатын аныктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине нааразы тараптар үч күндүн ичинде сотко даттана алат.

10- сентябрга карата укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча 14 билдирүүлөрдү текшерип/иликтеп жатат, анын жыйынтыгы менен материалдар БШКга берилет.

10-сентябрда Бишкек шаарынын бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өттү.

Бишкек  шаарынын Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты.

Шайлоо округундагы 51 автоматтык эсептөөнүн жыйынтыктары келип түштү.

Анын жыйынтыгында:

1. Кубанычбек Самаков жалпы добуштардын 26,14% же 5273 добуш алган.

2. Экинчи орунда – Русланбек Тагаев, 18,99% же 3831 добуш алды.

3. Үчүнчү орунда – Аскар уулу Алмаз 13,04 %  же 2630 добуш алды.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты