Бир мандаттуу эки округда шайлоочулар тизмеси 16-февралга чейин такталат

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын № 27 Биринчи Май шайлоо округу жана № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоочулардын контролдук тизмеси шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) сайтындагы шайлоочулардын “Тизме” — https://tizme.gov.kg/ порталына 5-февралда жайгаштырылды.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 16-февралга чейин жүргүзүлөт.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

№ 27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча контролдук тизмесинде шайлоочулардын саны 110 888ди түзѳт. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча контролдук тизмесинде шайлоочулардын саны 104 711ди түзѳт. 

Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын жалпы саны — 215 599.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 22-февралда “Тизме” порталына жайгаштырылат.

БШК мындай маалыматты шайлоочулардын эсине салат:

16-февралга чейинки мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактоо керек:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 16-февралга чейин сиз паспорттун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты