Бир катар судьяларды кызматтан бошотуу сунушу берилди

  • 7 месяцев мурун

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун бир катар судьяларга карата сунуштарын колдоду. Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, бир катар чечимдерди 12-октябрда  кабыл алды.

Судьялар кеңешинин чечими менен бир катар судьяларды, атап айтсак, Байзаков Н., Жамангулов Ж., Алгожоев З., Алыбаев З., Токтомаматов К., Сарыбаев Б.жана А. Мойдуновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу президентке сунуг киргизилди.   

Ошондой эле Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы К. Калиевага, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьялары Б. Иманбеков, Чүй облустук сотунун судьялары И. Горшковская, Г.  Кожобекова, Г. Масабирова жана Нарын шаардык сотунун төрагасы С. Осмоновго тартиптик жаза берүү сунушу канааттандырылды.

Алты судьяга төрт сунуш боюнча баш тартылды, бир даттанууну кароо кийинки отурумга калтырылды.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу төрт жана тартиптик жаза берүү тууралуу бир сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков киргизген.

Буга чейин Замирбек Базарбеков Судьялар кеңешине фемида кызматкерлерине карата рекорддук сандагы сунуштарды киргизгени маалымдалган. 2022-жылдан үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин төрага тарабынан 28 судьяга карата 19 сунуш жөнөтүлгөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты