“Бир дүйнө — Кыргызстандын” эки тасмасын эл аралык кинофестивалда көрсөтүүгө тыюу салынды

  • 5 месяцев мурун

“Кыргызтасма” мамлекеттик киноборбору “Бир дүйнө — Кыргызстан” эл аралык кинофестивалынын алкагында эки фильмди көрсөтүүгө тыюу салды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө — Кыргызстан” кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Көрсөтүүгө тыюу салынган чыгармалар — италиялык режиссёр Барбара Купистинин “Согуш мезгилиндеги эскерүүлөр” жана украиналык режиссёр Алиса Коваленконун “Биз жоголбойбуз” тасмалары.

Биринчи фильмде Орусиянын Украинадагы согушунун кесепети чагылдырылган. Ал эми экинчи даректүү тасмада режиссёр Коваленко согуштан тышкаркы дүйнөнү көрүүгө мүмкүнчүлүк тапкан Луганск облусунун өспүрүмдөрү тууралуу баяндайт.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы тасмаларга байланыштуу маселе боюнча Башкы прокуратурага жана өлкөнүн акыйкатчысына арызданды. Арыздарда “Кыргызтасма” ыйгарым укуктарынан аша чаап жатканы, тасмага берген уруксатын кайра чакыртып алуу деген ченем мыйзамда жок экени, мындай чечими тууралуу мекеме расмий түрдө кабардар кылбаганы белгиленди.

Уюм “Кыргызтасманын” мыйзамсыз аракетин токтотууну, ага юридикалык баа берүүнү, тийиштүү кызматкерлерине чара көрүүнү өтүндү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комментарийинде Кыргызстанда согуш пропагандасына толугу менен тыюу салынганын белгилеп, «аткаруучу бийликтин чечимдери туура болушу керек» деген пикирин билдирди.

Фестивалды уюштуруп жаткан “Бир дүйнө Кыргызстан” кыймылы буга чейин көрсөтүлө турган тасмаларга мамлекеттен уруксат алыш үчүн “Кыргызтасма” мамлекеттик кино борборуна 17-октябрда кайрылып, 14-ноябрда бардык тасмаларга мамлекеттик күбөлүк алган.

Бирок “Кыргыз тасма” бул даректүү тасмалардын каттоо күбөлүгүн 21-ноябрда жокко чыгарганын расмий маалымдаган. Буга аталган тасмаларда “экстремисттик көрүнүштөр камтылганы” себеп экени айтылган. Мекеме өз чечимин “улут аралык чыңалууну жарата турган тасманы көрсөтүүгө уруксат бере албайбыз” деп негиздеген. Ал эми фестивалды уюштуруучулар жогорудагы тасмаларда эч кандай согуштук чакырыктар, экстремисттик көрүнүштөр жок экенин айтышууда.

“Бир дүйнө — Кыргызстан-2023” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XVII эл аралык фестивалы 27-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкекте өтөт. Анда жергиликтүү жана чет элдик режиссёрлордун адам укуктары жаатындагы жыйырмадан ашуун документалдык тасмалары көрсөтүлөт.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты