Билим күнү. Президенттин куттуктоосу
- 3 месяца мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады.
“Ардактуу агай-эжейлер! Урматтуу окуучулар жана студенттер!Кымбаттуу ата-энелер! Жалпыңыздарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен чын дилимден куттуктаймын!Бул күн — жаркын келечек үчүн терең билим алууга үндөгөн улуу күн!Доор өзгөрөт, бирок билимдин мааниси эч качан өзгөрбөйт. XXI кылымда да билим берүү тармагы башкы багыт, негизги күч бойдон кала берет. Өнүккөн мамлекеттерде билим берүү саясий, маданий, экономикалык жана башка өнүгүүлөр менен эриш-аркак жүргөнү – буга айдан ачык күбө” деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле президент мамлекет билим берүү тармагындагы демилгелерди колдоп келе жатканын белгиледи
-Бүгүнкү күндө биздин башкы максатыбыз – сандан сапатка өтүп, ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү. Бул үчүн мезгил талабына жараша алдыга умтулган, күжүрмөн мугалимдерибиздин кызмат шарттарын жакшыртуу, айлыкты көтөрүү сыяктуу демилгелерди мамлекет колдоп келе жатат. Ошону менен бирге, билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында заманбап инфратүзүмдөрдү куруу, санарип технологияларды кеңири колдонуу жана кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жаатында бир катар аракеттер жасалууда,-деди Жапаров.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




