“Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы сунушталды

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы сунушталды. Концепциянын түп нускасы шилтемеде.

Кыргызстанда 2021-жылы 20-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги Билим  берүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган. Бирок билим берүү жана жарандык уюмдардын бир катар өкүлдөрү  ал долбоорго макул болбой, өлкө жетекчилигине кайрылган.  Алардын пикири боюнча, аталган мыйзам долбоору билим берүү тармагын реформалоого укуктук шарт  түзө албагандыгында.   Алар билим берүү мыйзам долбоорунун концепциясын сунуштады.

Кыргызстандын билим берүү тармагы реформага муктаж. Бул тууралуу Президент 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусунда билдирген. Ошондой эле  2021-жылдын 12-октябрындагы Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген.  

Билим берүү тууралуу мыйзам долбоорунда:

-Экономика менен учурдагы замандын керектөөлөрүнө жооп берген билим берүү системасын түзүү;

-мектепке чейинки кызматтардын рыногун өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүнү эки эсе көбөйтүү,

-мектепке чейинки билим берүү кызматын лицензиялоо системасын кайра карап чыгуу, кадрларды аттестациялоо тартибин киргизүү; окутуунун мазмунун жана ыкмаларын кайра карап чыгуу;

-мамлекет тарабынан  билим берүүнүн каржылоосун өзгөртүү, каржылоонун ваучердик системасын киргизүү, натыйжага негизделген бюджетке өтүү;

-бардык жерде «окуучуну ээрчиген бюджеттик акча» принцибин киргизүү;

каржылоо боюнча чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулуктун финансылык эмес көрсөткүчтөрүн колдонуу;

-мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын кайра карап чыгуу;

-окуучулардын жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрүн үзгүлтүксүз текшерүүнү киргизүү;

-мектептерге финансылык жана административдик автономияны киргизүү;

-ЖОЖду каржылоо принциптерин өзгөртүү жана алардын автономиясын бекемдөө;

-тутум түзүүчү долбоорлорду ишке киргизүү;

-бир катар башка прогрессивдүү системалык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу максаты камтылышы керек.

Буларды ишке ашыруу үчүн «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам түрүндө тиешелүү укуктук шарттар керек. Учурдагы “Билим берүү жөнүндө” мыйзам 2003-жылы кабыл алынып, ошол кездеги заманга, коомдун талабына жооп берген. Бирок учурда азыркы мыйзамдын жоболору өлкөнүн жаңы саясий максаттарына дал келбейт.

Бул тууралуу билим берүү мекемелердин союзу, мектепке чейинки мекемелердин ассоциациясы, Analytics. МУЦА жана башкалар белгилеп, билим берүү мыйзам долбоорунун концепциясын сунуштады.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты