Азаттыктын сайттарына коюлган бөгөт алынды
- 1 год мурун
«Азаттык Медиа» мекемесинин azattyk.org жана rus.azattyk.org сайттарына Маданият жана маалымат министрлигинин чечими менен былтыр октябрда коюлган бөгөт алынды. Бул тууралуу «Азаттык» өзү жазды.
12-июлда Бишкек шаардык соту маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медиа” мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимди бекитти. Ошону менен Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарды жана соттук териштирүүнү токтотту. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине бөгөттү алып салуу боюнча кат жөнөткөн.
Бүгүн, 14-июлдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында «Азаттыктын» сайттары иштей баштайт.
Эске салсак, былтыр 26-октябрда, Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштей баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.