Бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы көп балалуу энелерге бир жолку төлөм тартиби бекитилди  

  • 8 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге «Бала — береке» бир жолку төлөмүн берүү тартиби 8-октябрда бекитилди.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, көп балалуу энелерди колдоо жана бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарында туруктуу жашаган балдарды ар тараптуу өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

2026-жылдын 1-январынан тартып төрөлгөн көрсөтүлгөн энелерге «Бала — береке» бир жолку төлөмүнүн өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленген:
1) 4-балага – 100 миң сом;
2) 5-балага – 600 жүз миң сом;
3) 6-балага – 800 жүз миң сом;
4) 7-балага бир миллион сом;
5) 8-балага – бир миллион эки жүз миң сом;
6) 9-балага – бир миллион беш жүз миң сом;
7) 10 жана андан көп балага – эки миллион сом.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине 2026-жылдын 1-январынан тартып төртүнчү жана андан кийинки ар бир баласын төрөгөн, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бала бир жашка толгондо «Бала — береке» бир жолку төлөмү жөнүндө үй-бүлөлөргө автоматташтырылган маалымат берүүнү киргизүү тапшырылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты