Бишкекте коомдук унаадагы накталай эмес төлөмдөн күнүнө 1 млн сом түшүп жатканы айтылды
- 1 месяц мурун
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров жол акыны накталай эмес төлөө системасы оң жыйынтыктарды берип жатканын маалымдады. Ушул системаны киргизүүнүн натыйжасында шаардык бюджетке күн сайын болжол менен 1 миллион сом кошумча түшүүдө.
Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен шаардык транспорт ишканасынын директору Талант Капаровдун жолугушуу учурунда айтылды.
Капаровдун билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө жүргүнчүлөр үчүн жол акысын төлөөнүн 11 ыкмасы жеткиликтүү болууда. Накталай эмес төлөмдөргө өтүү, каржы каражаттарынын келип түшүүсүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда. 7-июлунда катталган транзакциялардын саны 735 миңди түзгөн. Ушул системаны киргизүүнүн натыйжасында шаардык бюджетке күн сайын болжол менен 1 миллион сом кошумча түшүүдө.
Мындан тышкары, контролёрлор жол акынын төлөнүшүн текшерүү боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп жатышканы белгиленди.
Ишкананын жетекчиси түнкү каттамдар жүргүнчүлөрдүн оң пикирин жаратып жатканын билдирди. Учурда түнкү каттамдарда күнүнө орточо 2 134 транзакция катталууда.
Ошондой эле шаар мэри Батыш автобекетинде жана «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын аймагында атайын транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырды. Демилгеге ылайык, борбор калаага келген жарандар жеке автоунааларын автобекеттин аймагына калтырып, шаар ичинде жүрүүгө арналган транспорттук картаны сатып ала алышат. Ошол эле учурда мындай картаны колдонуу ыктыярдуу, жарандар үчүн пайдалуу болушу керек.
Кеңешменин соңунда «Бишке кавтобекет» муниципалдык ишканасынан №13 каттам боюнча түнкү каттамды уюштуруу маселеси каралды. Себеби жайкы туристтик мезгилге байланыштуу шаар тургундары жана борбор шаардын коноктору автобекеттен шаарга түнкү убакта жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылышкан.
Иллюстрайиялык сүрөт: bishkek.gov.kg




