Беш компания жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу кызматтарын мыйзамсыз көрсөтүп келгендиги аныкталды

  • 2 месяца мурун

Беш компания Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө ишке орноштуруу кызматтарын тиешелүү уруксатсыз же колдонуудагы мыйзам талаптарын бузуу менен көрсөткөнү аныкталды.

Бул тууралуу Бишкек ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын ИИББ экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен биргеликте өлкөдөн тышкары ишке орноштуруу кызматтарын көрсөткөн мыйзамсыз жеке агенттиктерди аныктоо боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча бардык ишканаларга Бузуулар жөнүндө кодекстин 95-беренесине (жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш) ылайык, административдик жоопкерчилик каралып, юридикалык жактарга 55 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Жалпысынан 275 миң сом айып салынды.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы чет өлкөгө ишке орношуу иштерин жүргүзүү укугу бар расмий жана лицензияланган уюмдар аркылуу гана ишке кайрылуу зарыл экенин эскертет.

Сүрөт: Бишкек ИИББ видеосунан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты