Берлинде россиялык оппозиция өкүлдөрүнүн жүрүшү өттү
- 1 год мурун
1-мартта Берлин шаарында Россиянын оппозиция өкүлдөрүнүн жүрүшү өттү. Жүрүш Бранденбург дарбазасынын жанында аяктап, катышуучулар тарап кетти.
Бул тууралуу “Медуза” сайтында маалымат жарыяланды.
Жүрүш “Россия Путинге каршы” ураанын алдында өткөнү белгиленди.
Иш-чаранын башталышында 250-300 дөй киши болуп, андан кийин чогулгандардын жалпы саны 500гө жеткени айтылат.
Жөө жүрүштү Илья Яшин, Владимир Кара-Мурза жана Юлия Навальная уюштурган. Алар буга чейин да, 2024-жылы 17-ноябрда жөө жүрүш уюштурушкан.
Муну бөлүшүү




