Беловодское айылында жолдошун өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

  • 4 недели мурун

Беловодское айылында жолдошун өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

16-январда саат 1:15те Москва Беловодское айылындагы Ленин көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жатканы боюнча маалымат түшкөн.

«1996-жылы туулган К.Б. аттуу жаран менен 2005-жылы туулган Э.А. деген келин жарандык никеде жашашкан. Жубайлар ортосунда чыр чыгып, Э.А. жолдошунун жүрөк тушуна бычак сайып жиберген. К.Б. аттуу жаран ошол жерден каза болгон», — деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты