Белгилүү журналист Вадим Ночевкин көз жумду
- 12 месяцев мурун
Узакка созулган оорудан кийин белгилүү журналист Вадим Александрович Ночевкин көз жумду. Бул тууралуу анын жубайы социалдык тармак аркылуу кабарлады.
Вадим Ночевкин 1965-жылы 14-январда Бишкек шаарында туулган. Лебединовкадагы №1 мектепти аяктаган. Кыргыз мамлекеттик университетинде окуган. 35 жыл журналисттик кесипти аркалаган, айрыкча “Дело№…” гезитинде көп жылдар бою талыкпай иштеп келген.
Орус тилдүү Вадим Ночевкин кыргыз тилинде да эркин сүйлөчү.
Көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн Вадим Ночевкин ведомстволук жана мамлекеттик бир катар сыйлыктар менен сыйланган.
Акыркы жылдары ал катуу дарт менен алышып келгендиги белгилүү.
“ПолитКлиника” медиасынын жамааты Вадим Ночевкиндин каза тапкандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине көңүл айтат.
Сүрөттө: Вадим Ночевкин. Фейсбук баракчасынан




