Белгилүү журналист Сталбек Абдыраев дүйнөдөн кайтты

  • 3 недели мурун

63 жаш курагында белгилүү журналист Сталбек Абдыраев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги билдирди.

Сталбек Абдыраев 1962-жылы 26-февралда Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында төрөлгөн. 1984-жылы Фрунзедеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун методист-уюштургуч адистигин алып, Нарын шаарында советтик партиялык кызматтарда эмгектенген. 1993-жылдан тартып Нарын облусунда уюштурулган телевидениеде алгачкы диктор болуп иштеген.

Ошондон бери журналисттик кесипти аркалап, “Сары-Өзөн”, “КООРТ” телевидениелеринде диктор, алып баруучу, 2001-жылдан тартып КТРдин “Ала-Тоо” маалымат аналитикалык борборунда “Жаңылыктар”, “Басма сөзгө баяндама” телеберүүлөрүнүн алып баруучусу, кабарчы, Чүй облусу боюнча өз кабарчы болуп эмгектенген.

2016-жылдын август айынан тарта ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Жаңылыктар” дирекциясында редактор, Чүй облусу боюнча аймактык кабарчы болуп эмгектенип жаткан.

Сталбек Абдыраев 2018-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Маданият министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Сүрөт: Маданият министрлиги жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты