Белгилүү журналист, илимий ишмер Үсөн Касыбеков дүйнөдөн кайтты

17-сентябрда 76 жаш курагында Кыргыз Респбубликасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, сынчы, белгилүү журналист жана илимий ишмер Үсөмүдүн Касыбеков каза тапты.   

Бул тууралуу анын уулу Азамат Касыбеков кабарлады.

Үсөмүдүн Касыбеков 1949-жылы 8-майда Нарын облусунун Кочкор районунун Шамшы айылында туулган. Москвадагы Горький атындагы адабий институтту аяктаган.

Бир катар жылдары Илимдер академиясында илимий иштер менен алектенген. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Кыргызстан эл аралык аралык университетинле окутуучу болуп иштеген.

“Асаба”, “Кыргыз туусу”, “Литературный Кыргызстан”, “Фабула”, “Алиби”, “ПолитКлиника” жана башка басылмаларда эмгектенген. Мамлекеттик телевидениеде “Сөз чынынан бузулбайт” автордук берүүсүн алып барган.

Үсөн Касыбеков СССР журналисттер бирлигинин, Кыргызстан журналисттер бирлигинин мүчөсү болгон.  

Үсөн Касыбековдун жаркын элеси анын жакындарынын, кесиптештеринин илим чүйрөсүндө, журналистика тармагында, аны тааныгандардын эсинде түбөлүккө кала берет.

“ПолитКлиника” медиасы Үсөн Касыбековдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.  

Үсөн Касыбеков менен коштошуу 18-сентябрда Мамыркалиев көчөсү, 16 дарегинде, (Чүй облустук администрациясынын имаратынын артында)  болот.

Үсөн Касыбековду акыркы сапарга узатуу 19-сентябрга (эртең менен) белгиленди.   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты