Белгилүү котормочу, лингвист Турсунияз Досалиев көз жумду

  • 12 месяцев мурун

16-майда 69 жаш курагында, катуу оорудан кийин белгилүү котормочу, лингвист, чыныгы педагог Турсунияз Досалиев көз жумду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдап, некролог жарыялады.  

Анда айтылгандай, Досалиев Турсуняз кесипкөй котормочу, өтө эмгекчил, мыкты устат, өзүнүн күчтүү жарандык позициясы бар, көп кырдуу инсан, терең билимдүү жана жогорку моралдык сапаттары менен кеңири таанылган.

Турсуняз Досалиев 1954-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылында туулган.1975-1980 -жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, билим алган.  

Мамлекеттик кызмат системасында көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн Турсунияз Досалиев 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты