Белгилүү кинорежиссер, Кыргыз эл артисти Геннадий Базаров дүйнөдөн өттү  

  • 1 год мурун

Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссер, сценарист Геннадий Базаров дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди  

Залкар кинорежиссер, сценарист Геннадий Базаров кечээ, 5-февралда 81 жаш курагында кайтыш болгон.

Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган.

Анын «Саманчынын жолу», «Буктурма», «Көчө», «Көздүн карегиндей» аттуу фильмдери чоң ийгилик менен коштолгон.

Геннадий Базаров Кыргызстандагы автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири. 80-жылдардын ортосунан тартып «Биринчи», «Приют для совершеннолетних», «Заговор», «Аномалия», «Каракыз», «Метаморфоза», «Исход», «Жаннат», «Нонсенс», «Ноктюрн», «Солёная долина» сыяктуу көркөм тасмаларды жараткан.

90-жылдары режиссёр — «Периште күнү»- «Антракт», «Түндө» кыска метраждуу тасмаларды тартат. «Айтматов» жана «Сказ об искусстве» толук метраждуу даректүү тасмалары көрүүчүлөр арасында кеңири белгилүү болгон.

1994-жылдан тарта Геннадий Базаровдун «Альтернатива» автордук программасы өзгөчө социалдык-көркөм мааниге ээ болгон жана телевизиондук искусствосунун классикасына айланган. Анын «Прикосновение к Личности» (Чыңгыз Айтматов жөнүндө), «Ноктюрн», «Хава Нагила», «Суть», «Стойбище», «Гримаса», «Пауза для размышления» повесттери популярдуу.

1974-жылы кинорежиссерго Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамына ээ болуп, 1976-жылы «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган, СССРдин кинематографиясынын отличниги. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына ээ болгон. 1997-жылы президенттин «Алтын калем» сыйлыгынын, 2003-жылы «Каракыз» тасмасы үчүн Эл аралык кинофестивалдын баш байгесин жана «Мосфильм» концернинин байгесин алган. 2006-жылы «Жылдын адамы» наамы менен байгеге жана статуэткага ээ болгон. 2003-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. 2013-жылы Кыргызстандын кинематографиясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгары

2022-жылдын декабрь айында Геннадий Базаров экинчи даражадагы Манас ордени менен сыйланган.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты