Белгилүү дирижёр Сагынбек Акматалиев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дирижер Сагынбек Акматалиев 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги билдирди.  

Сагынбек Акматалиев 1952- жылы 1-декабрда Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында туулган.

1967-жылы — Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, 1972-1976-жылдары — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, кийин 2005-жылы «Оркестрдин дирижеру» факультетинин профессору Насыр Давлесовдун классында окуп, артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1970- жылы окуп жүргөндө эле Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине музыкант-кыякчы катары келип кирген. Кийин оркестрдин концертмейстери, “Атай” – атындагы комузчулар ансаблинин жетекчиси болуп иштеп, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде гастролдо болгон.

2005-жылдан 2022-жылга чейин улуу дирижер А. Жумакматов жана Э. Жумабаевдин сунуштамасы жана оркестрдин жамаатынын чечими менен оркестрге башкы дирижёр жана көркөм жетекчи болуп иштеген.

Ал эми 2022-жылдан тартып, аталган оркестрдин дирижёру болуп иштеп жаткан.

Оркестрдин жана комузчулар ансамблинин курамында көптөгөн союздук жана эл аралык конкурс-фестивалдардын катышуучусу жана лауреаты болгон.

Чебер комузчу-кыякчы катары эле эмес, аранжировщик катарыд агы кеңири белгилүү болуп, эки жолу “Жылдын мыкты аранжировщиги” наамына татыган.

Оркестр үчүн: “Арман” (Т. Казаков), “Сагындым туулган жер сени” (Р. Абдыкадыров), “Үзүлбөгөн үмүттөр” жана башка чыгармаларды; Н. Абдрахмановдун “Соң-Көл баяны”, “Алтын балалык”; Ш. Шеркуловдун “Жүрөк толкуйт”, “Эргиме”; А.Огонбаевдин “Маш Камбаркан” сыяктуу жана башка 200 гө жакын ыр-күүлөрдү иштеп чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты