Белгилүү аткаруучу, обончу, диктор Абас Чикеев дүйнөдөн өттү

  • 1 год мурун

27-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев 76 жашында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Абас Чикеев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 1947-жылы 21-июлда туулган.

1963-жылы республикалык Эл чыгармачылыгы үйүнүн аккордеончулар курсун бүтүрүп, 1964–1967-жылдары М.Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.

1967–1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1969-жылы радиодо диктор, 1971-жылы Ысык-Көл радио-телеберүүсүндө башкы диктор болуп иштеген.

1977-жылы Бүткүл союздук радио уктуруу боюнча телерадио кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институтунун Ташкенттеги филиалында квалификациясын жогорулатып, ошол эле жылы Кыргыз телерадиокорпорациясына радионун диктору жана телерадиосунун оркестрине жана хоруна солист болуп которулган.

1980–1985-жылдары Кыргыз мамлекеттик орус тили жана адабияты педагогикалык институтунан, 1986–1991-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билим алган.

Обончулар М.Рыскулбековдун «Чын эле мен сени таптымбы?», «Жаштыгым сен кайда кеттиң?», К.Осмоновдун «Энекебай», «Тоолук кыз», М.Акматовдун «Баратабыз каякка», «Ак сүйүүмдү булгаба», Т.Казаковдун «Күйдүргүм», «Эстелик», А.Нурманбетовдун «Табияттын көркү сен» ырларын аткарган.

1991-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты