Белгилүү архитектуралык объекттердин автору Уланбек Бейшенбаевдин мурастары

2025-жылдын 3-майында белгилүү архитектор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Уланбек Бейшенбаев дүйнө салды.

Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министрлиги Уланбек Бейшенбаевдин калтырган мурастарын эске салды.

Уланбек Абыкеевич 1958-жылдын 30-сентябрында Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылында төрөлгөн.

1980-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура факультетин аяктагандан кийин, эмгек жолун «Кыргызгипрострой» долбоорлоо институтунда архитектор болуп баштаган. «Кыргызгипростройдо» ал кенже архитектордон башкы долбоорлордун архитекторуна чейин өсүп жеткен.

Жаратман инсан катары Уланбек Бейшенбаев бир топ маанилүү архитектуралык объектилердин иштелип чыгышына катышкан.

Кыргызстандын аймагында:

—Чоң-Таш капчыгайындагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси;

—»Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги Ч.Айтматовго арналган мемориалдык комплекс;

—»Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги

2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорго арналган күмбөз, «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси;

—»Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги

2010-жылдын 7-апрель окуяларына арналган музей-мемориал;

— Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы Чыңгыз Айтматовго арналган эстелик;

— Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековго арналган эстелик;

— Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы 7-апрель жана Аксы окуяларынын курмандыктарына арналган мемориал;

—»Ата-Бейит» комплексинин аймагындагы, 1916-жылдагы кайгылуу «Үркүн» окуясынын курмандыктарына арналган мемориал;

— Бишкек шаарындагы акын импровизатор Калык Акиевге арналган эстелик;

— Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатырга арналган эстелик;

— Бишкек шаарындагы пандемияга каршы күрөшүүдө курман болгон дарыгерлерге жана медиктерге арналган мемориал.

Ал эми чет өлкөлөрдө:

— Манаска арналган эстелик, Астана шаары;  

— Манаска арналган эстелик, Стамбул шаары;

— Манаска арналган эстелик, Анкара шаары.

— 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон кыргызстандыктарга арналган мемориалдык комплекс, Ржев шаары (Россия) .

Уланбек Бейшенбаевдин чыгармачылыгын жогору баалап, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2002-жылы адабият жана искусство тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына татыган.

Белгилүү архитектуралык объекттердин автору Уланбек Бейшенбаевдин мурастары
Белгилүү архитектуралык объекттердин автору Уланбек Бейшенбаевдин мурастары

Сүрөттөрдө Уланбек Бейшенбаев. «Ата-Бейит» эстелиги. Интернет булактарынан

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты