Мамлекеттик туунун авторлорунун бири – Эдил Айдарбеков дүйнөдөн өттү
- 18 часов мурун
- Баяндар, Жаңылыктар
18-октябрда 79 жаш курагында мамлекеттик туунун авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү архитектор Эдил Айдарбеков дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу көңүл айтуу президенттин расмий сайтында кабарланды.
Эдил Айдарбеков 1947-жылдын 21-февралында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында жарык дүйнөгө келген.
1970-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курулуш факультетин аяктаган. 1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн. Аскердик кызматтан кайтып келгенден кийин Фрунзе шаарындагы башкы долбоорлоо институттарында «Кыргызгипрострой» мамлекеттик долбоорлоо институтунда жана «Фрунзегорпроект» институтунда архитектор болуп эмгектенген.
Эдил Айдарбековичтин кесиптик ишмердиги турак жай, коомдук жана жарандык имараттарды долбоорлоо жана куруу менен тыгыз байланышкан. Ал өлкөбүздүн шаар куруу жана архитектуралык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, көптөгөн типтүү жана жеке долбоордогу имараттарды иштеп чыгууга катышкан. Анын эмгеги өлкөбүздүн архитектуралык чөйрөсүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө өз изин
Эдил Айдарбековичтин кыргыз элинин тарыхындагы эң көрүнүктүү жана өчпөс эмгектеринин бири Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлошу болушу.
Ал Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков менен бирге Кыргыз Республикасынын маанилүү мамлекеттик символдорунун бири болгон Мамлекеттик туунун долбоорун иштеп чыгууга катышкан. Элдин улуттук аң-сезимин, тарыхый-мурасын жана мамлекеттүүлүгүн даңазалаган бул символ 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Эдил Айдарбековдун жаркын элеси, адамдык асыл сапаттары жана элине сиңирген эмгеги аны билгендердин жүрөгүндө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана аны тааныган жана баалаган бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Сүрөттө: Эдил Айдарбеков. Интернет булактарынан




