Беларустагы президенттик шайлоодо Лукашенко 87,6% добуш алды

  • 2 месяца мурун

Беларустагы президенттик шайлоодо алгачкы экзит-полдун жыйынтыгы боюнча Александр Лукашенко шайлоочулардын 87,6% добушун алды. Бул тууралуу БелТА агенттиги жазды.

Бардыгына каршы деп шайлоочулардын 5,1 %ы добуш берди.  Сергей Сыранков — 2,7%, Олег Гайдукевич —1,8%, Анна Канопацкая — 1,6%, Александр Хижняк — 1,2% добуш алды.

Беларус БШКсынын маалымат боюнча, 52 өлкөдөн чет элдик 486 жана жергиликтүү 44 361 байкоочу шайлоонун жүрүшүнө байкоо салды.   

Евробиримдик Беларустагы президенттик шайлоону эркин да эмес, адилеттүү да эмес, чынчыл да эмес деп баа беришти.   

Александр Лукашенко — жетинчи жолу президент болуп шайланышы.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты