Беларуста — парламенттик шайлоо күнү

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 25-февралда, Беларуста Улуттук жыйындын өкүлдөр палатасына жана жергиликтүү депутаттар кеңештерине шайлоо күнү.

Талапкерлердин дээрлик көбү «Белая Русь», коммунисттик партия, либералдык-демократиялык партия жана эмгек жана адилеттик партияларына таандык. Ал партиялар Беларус президенти Александр Лукашенконун саясатын колдойт.

Маалыматтарга караганда шайлоо эл аралык байкоочуларсыз өтүүдө.

Парламенттеги 110 орун үчүн 265 адам талапкер болгон.

Литвада бозгунда жүргөн Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская элди шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

«Бюллетенде реалдуу өзгөрүүлөрдү сунуш кыла турган адамдар жок, анткени режим өзүнө ыңгайлуу куурчактарга гана катышууга уруксат берди» деди ал видео кайрылууда.

Сүрөт: DW

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты