Беларус санкциялардан улам Өзбекстандан товар сатып алууну көбөйтүүнү пландоодо

  • 2 года мурун

Беларус санкциялык тизмеге кирген товарлардын бир бөлүгүн Өзбекстандан сатып алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу беларус премьер-министри Роман Головченко өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов менен Ташкентте жолукканда билдирди.

«Беларус Өзбекстандан товарлардын импортун көбөйтүүгө кызыкдар. Өзгөчө Батыш өлкөлөрү санкцияларды киргизген азыркы шартта өзбек товарларын сатып алууну көбөйтүүгө даярбыз», — деди Головченко.

Ал биринчи кезекте сөз жип, металл, азык-түлүк жана жашылча-жемиш жөнүндө болуп жатканын айтып, Беларуста бул товарларга суроо-талап жогору экенин белгиледи.

Головченконун айтымында, 2017-жылдан бери Беларус менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмү беш эсеге өскөн.

Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы товар алмашуу көлөмү 301,9 миллион долларды түзгөнү, бул 2020-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 7,8% көп экени кабарланган.

Лукашенко 2020-жылы августта Беларуста өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акцияларды күч менен тараткан соң Батыш өлкөлөрү Минскке каршы санкцияларды киргизген. Алар Беларус Орусиянын Украинага кол салуусун колдогондон кийин күчөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты