Бектур Искендер «Клооп» басылмасынан кеткендигин кабарлады

  • 7 месяцев мурун

«Клооп” басылмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер кызматтан кеткендигин жана редакцияга байланыштуу долбоорлордо иштебей турганын билдирди.

Бул тууралуу Бектур Искендер өзү билдиргенин “Клооп” жарыялады.

Бектур Искендер жекече кат алышуусу тарап кетип, үчүнчү жактардын кызыкчылыгына доо кетип калгандыгын, ошондон улам «Клооптун» катарында болууга моралдык укугу жок экенин айткан.

Ошол эле кезде болуп өткөн окуя кесибине байланыштуу эместигин баса белгиледи.

«Клооптун» жамааты Бектур Искендердин шыктандырган лидерлиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.  

Бектур Искендер — «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири. 2014-жылдын сентябрь айына чейин башкы редактору, 2015-жылдын май айына чейин «Клооп Медиа» фондунун президенти болуп иштеген. Бул кызматтарды өткөрүп бергенден кийин, басылманын жана ага таандык төрт юридикалык жактын негиздөөчүсү бойдон калган. Кийинки кезде Борбор Азиядагы журналисттердин коопсуздугу менен алектенген «Клооптун» Польшадагы уюмунун башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп иштеп жаткан.

Сүрөттө: Бектур Искендер. Клооп.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты