Бекназар Айталиевге үч жылдык пробация режими чегерилди

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту жарандык активист, “Трансформация” кыймылынын координатору Бекназар Айталиевге күнөөлүү катары, үч жылдык пробация режими түрүндөгү жаза берүү өкүмүн чыгарды.

Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.  

Айталиевге кылмыш-жаза кодексинин массалык башаламандыктар беренеси боюнча айып коюлган.

Бекназар Айталиев 7-августта Бишкек шаарынын карамагына өткөн “Көк-Жар” конушунун 172-контурунун тургундарынын маселеси боюнча басма сөз жыйынына катышкан. Басма сөз жыйынында тургундар өздөрү кабылган жагдайга түшүндүрмө беришкен.

Анда «Трансформация» кыймылынын төрагасы Бекназар Айталиев да сөз сүйлөп, президентке, УКМК төрагасына сунуштарын билдирген.   

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Көк-Жар» айылынын №172 контурунун жашоочуларынын абалы боюнча пикирин билдирди. Президенттин тапшырмасынын негизинде учурда жарандарды турак жай менен мыйзам чегинде жана адилеттүү камсыздоо боюнча чечим ишке ашырылып жатканы айтылды.

Сүрөт: Видеотасмадан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты