Кыргызстандын аскердик контингенти Казакстандан кайтып келди 

  • 2 года мурун

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстанга барган аскердик контингент бүгүн, 14-январда кайтып келди.

Аларды Орусиянын Канттагы авиабазасынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов баштаган жетекчилер тосуп алды.

Кыргызстан 7-январда Алматыга 150 жоокер жөнөткөн жана алар аталган шаардагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт 11-январда ЖККУнун алкагында келген жоокерлери эки күндөн кийин кете баштарын, бул жараян жалпысынан 10 күнгө созуларын билдирген. Ал чет өлкөлүк аскерлердин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан.

Казакстанга ЖККУнун эки миңден ашуун жоокери 250 аскер техника менен барган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты