Каныбек Туманбаев Азамат Мариповдун билдирүүсү боюнча пикирин айтты

  • 1 месяц мурун

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев «Маралга» социалдык тармакта ага карата айтылып жаткан сын-пикир боюнча комментарий берди.

«Мага Азамат Марипов: «Мен «Мекенчилдердин» башчысы болуп шайландым, жакында үйлөнөйүн деп атам, мага өкүл ата болуп бериңиз, анан да үйлөнүү тойго кеткен чыгымга жардам бериңиз»,- деп келгени чындык. Мен ары ойлонуп, бери ойлонуп эми жаш баланын көңүлү ооруп калбасын деп макул болуп, 13 миң доллар жардам бергем. Өзү 13 миң доллар чыгым болот экен деп эсептеп келиптир.

Дал ошол маалда Бишкектеги Ахунбаев көчөсү 80деги жер тамымды сатып, акчасы колумда турду эле. Кадастрдан барып карасаңар переоформлениеси чыгат.

Акча керек болуп 330 миң долларга саткам. Ал үйдү 2017-жылы сатып алып, акчасын толук кутулуп бүткөндөн кийин 2020-жылы иниме каттап, өзүм жашап жаткам. Ошол 330 миңден 13 миңин бердим эле. Анан кийин сурасам үйлөнбөй эле жүрөт. Эмне болду десем кыз жакпай калды деп койду.

Кийинчерээк тез-тез эле телефон чалып, смс жаза берди. Менин ишим көп, жооп бергенге убактым жок, жооп жаза албадым. Анан эле “Бүгүн кабыл албасаң кеч болот, эртең түз эфирге чыгып сени шыбайм”, — деп шантаж кылганга өттү. Ай эмне болду сага? Сураган жардамыңды бердим го? Башка акча жок десем, “Ал акчаңды Адинай карындашым менен Кудрет агамдын карыздарын жаптым, мага дагы акча керек болуп жатат»,-деди. “Башка акча жок” деп телефонду коюп койдум.

Ошондон баштап өзү баш болуп, «мекенчилмин» деген башка балдар баары биригип, мени социалдык тармактардан каралап баштады. Мен президентке Азамат Марипов мени шантаж кылыпжатканын айттым. Президент Азамат Мариповду, бир тууган агасы Кудрет Тайчабародув, бир тууган карындашы Адинай Марипованы кошо чакырды. Баарыбыз чогуу президентке кирдик.

Президент: «Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба жигит. Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша», — деди. Азамат Марипов экинчи кайталанбай турганын айтып, президенттен кечирим сурады. Анан президент «Каныбек берген 13 миң долларды эмне кылдың?» дегенде, маңдайында отурган бир тууганы Кудрет Тайчабаровдун 4 баласы бар экенин, ал жумушсуз отурганын, бир тууган карындашы Адинай Марипова да жумушсуз калып карызга батып кетишкенин айтып, алардын карыздарын жаптым, — деп жооп берди.

Ошол жерден бир тууган карындашы Адинай Марипова аны дароо президенттин көзүнчө уяткарды. “Эй эмне алдап атасың? Качан менин карызымды жаптың? Менден карызга алган 50 миң сомду эле кайтарып бердиң го? Кайсы карызымды жаптың?”-дегенде унчукпай калды. Президенттин алдында уялып да калбайт экен. Берки бир тууганы унчуккан жок», — деп жооп берди Туманбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты