Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

  • 1 год мурун

Президенттик администрация “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-ноябрда коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын саны тууралуу так маалымат жок экендиги, азыркы мыйзамга ылайык каттоодон өтүү милдетүү эместиги көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбоорунда “чет өлкөлүк бейөкмөт уюм” деген түшүнүк киргизилген жана мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары бир топ көбөйгөн.

Кыргызстанда канча бейөкмөт уюм бар экени жөнүндө расмий маалымат жок, айрым булактарда 10 миңдин тегерегинде экени айтылып жүрөт. Азыркы бийлик мурдагы президенттин тушунда кабыл алынбай келген бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн мыйзамды кабыл алып, ага кол коюлган.

Жергиликтүү активисттер жана бир катар эл аралык уюмдар бийликтин жарандык коомго басымы көбөйөрүн айтып, бул мыйзамды кабыл албоого чакырышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты