Бажы кызматынын капитаны пара опузалоо шеги менен кармалды

  • 2 месяца мурун

Бажы кызматынын капитаны опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, «Кызыл-Кыя – авто жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде Бажы кызматынын айрым өкүлдөрү жеке ишкерлерден опузалап акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

«9-майда «Кызыл-Кыя – авто жол» бекетинде Бажы кызматынын капитаны Ж.М.А. кармалды» деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Мекемеден бул коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты