Бажы кызматындагы коррупция. Мамлекетке 170 млн сомдон ашык зыян келтирилген

  • 2 года мурун

Бажы органдарынын кызмат адамдары Евразия экономикалык биримдигинин (ЕЭБ) мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, 2019-жылы өлкө аймагына алынып келинген автобустарды төмөндөтүлгөн тариф менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөндүгү аныкталган.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамсыз аракеттерден улам, республиканын бюджетине 170 млн. сомдон ашуун зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча башкы прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери башкы прокуратуранын бергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткандыгы кабарланды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты