Бажы кызматкерлери балдар кийимдерин аткезчилик жол менен алып өтүү фактысын аныкташты

  • 1 год мурун

Бажы кызматы Өзбекстандан  Кыргызстанга  товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныкташты.

Ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө «Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу  жайынын жанында 25-30 кг келген  27 таңгак контрабандалык балдар кийимдери сакталган жер табылган. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча ал товарлардын жалпы баасы 900 миң сомдон ашуун болгон.  

Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.  

Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн корутундусуна ылайык, кармалган товардын жалпы баасы 901 200 сомду түзгөн.         Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери  болгон эмес, анын ээси Кыргыз Республикасынын жараны «А.Д.А. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) болгон.       

Материалдар транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: Бажы кызматынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты