Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кармалды
- 1 месяц мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 28-апрелде бодо малды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Материалдар мындан аркы укуктук баа берүү үчүн КР Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилгени маалымдалды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!