Баткен облусунда аткезчилик менен товар ташып келүү каналына бөгөт коюлду
- 11 месяцев мурун
1-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандалык иш аракеттер аныкталып жана бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, товарларды мамлекеттик чек аранын кайтарылбаган тилкелери аркылуу мыйзамсыз алып өтүшкөн. Бул чек ара режимин жана бажы көзөмөлү мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат.
Баштапкы маалымат боюнча, жеке адамдар тобу Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймагындагы өткөрүү пункттарын жана бажы жол-жоболорун аткарбай айланып өтүп, эл керектөөчү товарларды ташууга аракет кылышкан.
Жогорудагы кылмышка шектүү адамдар кармалып, Кыргыз Республикасынын жарандары — 1994-жылы туулган Т.А.Т., 1985-жылы туулган К.З.К. жана 1999-жылы туулган Б.А.Р.дан- аталган схемага катышкан жарандардан 15 миллион сомдон ашык унаа жана материалдык байлыктар алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




