Базарбай Мамбетов дүйнөдөн кайтты
- 6 месяцев мурун
Мурдагы вице-премьер-министр, Түркмөнстандагы мурдагы элчи, нефтетрейдерлер ассиоциациясынын мурдагы башчысы Базарбай Мамбетов 74 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Базарбай Мамбетов 1948-жылы 6-майда Таластын Балбал айылында туулган.
1990-жылы Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекеттер аралык Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Борбор Азия экономикалык кеңешинин аткаруу комитетинде Кыргызстандын туруктуу өкүлү, вице-премьер министр рангында Евразия экономикалык кеңешинде Кыргыз Республикасынын өкүлү болгон.
2005-жылдын июль айынан баштап КР нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти, 2010-2011-жылдарыУбактылуу өкмөттүн ЕвроАзЭС жана КМШ иштери боюнча улуттук координатору кызматын аркалаган. 2011-2013-жылдары Түркмөнстанда элчи болгон.
Сүрөт: RFE/RL