Базар-Коргондо жаңы жылдык балаты өрттөндү 

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жаңы жылдык балаты өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-декабрда, таңкы саат 05:44тө Базар-Коргон шаарында жаңы жылга карата орнотулган балаты өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, күйгөн балаты 05:49да чектөөгө алынып, өрт толугу менен саат 05:52де өчүрүлгөн.

«Майрамга карата кооздолуп жасалган балатынын 30 пайызы күйгөндүгү аныкталып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты