Базар-Коргондо пробация бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды
- 1 год мурун
ИИМдин тергөө кызматына арыз менен У.Т. аттуу жаран кайрылып, Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн кызматкерине чара көрүүну суранган. Ал кызматкер 2024-жылдын башынан бери камакка алам деп коркутуп акча талап кылып бир миң, үч миң, беш миң сомдон, бардыгы 40 миң сом алганын жана учурда дагы 20 миң сом талап кылып жатканын айтып, чара көрүүнү суранган.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.
2025-жылдын 17-апрель күнү ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунун пробация бөлүмүнүн кызматкери, 1981-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы




